Башкы прокурор: "Эгемендүүлүк жылдарында башкаруу аппараттары пайда болору менен коомдо коррупция дайыма болгону талашсыз"
Бүгүн, 16-ноябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкө президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин биринчи отуруму өтүүдө. Анда башкы прокурор Курманкул Зулушев сөз сүйлөдү.
"Президент Садыр Жапаров Кыргыз өлкөсүн коррупциядан тазалоо максатын айтып келген. Эгемендүүлүк жылдарында башкаруу аппараттары пайда болору менен коомдо коррупция дайыма болгону талашсыз. Өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоол болгон коррупцияга каршы аракеттенүү прокуратуранын максаты бойдон калууда. 2020-жылы Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызмат адамдары тарабынан жеке компаниядан 135 миллион сомго техникалык көрсөткүчтөргө жооп бербеген сасык тумоого каршы 550 миң доза вакцинасын сатып алуу боюнча кылмыш иштери тергелүүдө. Жер маселелери боюнча мыйзамдын аткарылышына бир катар мыйзам бузуу аныкталган", - дейт Зулушев.



