Финансы министри коррупциялык фактылар боюнча билдиргендерге сый акы тартиби тууралуу айтып берди
Бүгүн, 16-ноябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкө президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин биринчи отуруму өтүүдө.
Финансы министри Алмаз Бакетаев коррупциялык фактылар боюнча билдиргендерге сый акы тартиби тууралуу айтып берди.
"Финансы министрлиги тарабынан коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирген адамдарга акчалай сый акы төлөөнүн тартибинин долбоору иштелип чыкты. Бул тартип долбоорун иштеп чыгуу укук коргоо органдарынын катышуусу менен жүргүзүлдү. Алардын сунуштары эске алынды. Тартип мамлекеттин кирешесинин орду толтурулгандан кийин, соттук акты мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин каражаттардын 10 пайыз өлчөмүндө, бирок 1 миллиондон ашык эмес бир жолку акчалай сый акы төлөөнү регламенттештирилген. Бул боюнча комиссия түзүлөт. Комиссиянын чечиминин негизинде сый акы төлөө жөнүндө буйрук чыгарат. Финансы министрлиги каражат бөлүп берет. Долбоор бекитүү стадиясында турат", - деди ал.



