Садыр Жапаров: "Паракорлук менен тууганчылыктын айынан мыйзамсыз жана адилетсиз өткөн шайлоо коомду бактысыздыкка түртөт"
Бүгүн, 16-ноябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкө президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин биринчи отуруму өтүүдө.
Садыр Жапаров Кыргыз эли парламенттик шайлоо таза жана татыктуу өтөт деген ишенимде экенин айтты.
"Шайлоодогу алдоо жолдору менен добуш сатып алуулар дагы коррупциялык көрүнүш, керек болсо андан дагы коркунучтуу көрүнүш.
Паракорлук менен тууганчылыктын айынан мыйзамсыз жана адилетсиз өткөн шайлоо коомду бактысыздыкка гана түртөт. Удаа-удаа революциялардан чарчаган өлкөбүздүн тарыхындагы трагедиялуу окуяларды эсибизден чыгарбашыбыз керек. Мындан ары Кыргыз мамлекетинин ар бир жаранынын добушу уурдалбашы үчүн болгон күчүбүздү үрөп, бардык аракеттерди көрөбүз. Мен дагы, министрлер кабинети жана күч органдары дагы мындай мыйзам бузууларга жол бербөө үчүн эң чечкиндүү чараларды көрөт деп элибизди ишендирип кетким келет", - дейт ал.



