Тоодо топ жылкынын жоголушу көпчүлүккө табышмак болууда. "7 баш жылкыны Казакстандан таптык. Дагы 51ин издеп жатабыз" дейт кеминдик тургун
Чүй облусунун Кемин районундагы Боролдой айылында 51 баш жылкы жоголду. Бул тууралуу жергиликтүү тургуну Тилек Токторбаев "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө кайрылып, жылкыларды табуу үчүн коомчулуктан жардам сурады.
Анын айтымына караганда, аймактардан издеп, таба алышкан эмес.
"Жылкылар эки бөлүнүп жоголду. Биринчиси, 17 баш жылкыны 20-ноябрда жоготконбуз. Экинчиси, 10 күндөн кийин 34 баш жылкы жоголду. Бул мал тоодон жоголгон.
Аймактардын баарын кыдырдык. Таба алган жокпуз. 1-ноябрда 7 баш жылкыны Казакстандан таап келдик. 2-ноябрда милицияга арыз жаздык. Учурда 51 жылкынын дайынын жок болууда. Жылкыларды менин бир тууган байкем карачу. Малдын ээси Бишкек шаарында турат", - деди Токторбаев.
Ошондой эле издөө иштеринде милициядан, блогерлерден жардам сурап кайрылып жатканын кошумчалап өттү.
Белгилей өтсөк, жылкыларды тапкан адамдарга 200 миң сом өлчөмүндө сүйүнчүсү бар.
Буга чейин 22-октябрда 47 жаштагы Кемин районунун тургуну милиция кызматкерлерине кайрылган. Анда Боролдой айылындагы Коңур жайлоосунан белгисиз себептерден улам 17 баш жылкы жоголуп кеткенин билдирген. Учурда малды издөө боюнча зарыл болгон ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүүдө.
кошулду



