super.kg logo

Садыр Жапаров: "Жогорку Кеңештин жаңы курамына бизнестен жана жарандык коомдон социалдык заказды түзүү зарыл деп эсептейм"

 
"Мен 28-ноябрда жаңы шайлана турган Жогорку Кеңештин жаңы курамына бизнестен жана жарандык коомдон социалдык заказды түзүү зарыл деп эсептейм", - деп белгиледи бүгүн, 16-ноябрда президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө.
Анын айтымында, Бизнес менен мамлекеттик органдардын, коомчулук менен аткаруу бийлигинин ортосундагы эффективдүү диалогдун механизми катары Антикоррупциялык ишкердик кеңешин түзүү тууралуу демилгесин коомчулук, бизнес чөйрөсү, инвесторлор, илим жана билим берүү мекемелери жапырт колдоого алышты. Өлкөдө коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын бардык кызыкдар тараптардын түздөн-түз катышуусу менен иштеп чыгуучу орган түзүлдү. Ошону менен бирге бир нече ведомстволордун коррупцияга каршы иш-аракеттерди координация кылуусу жана алардын бири-бирин кайталоосу жоюлуу алдында турат.
Президент өлкө жаңылануу жолунда тез ыргак менен кетип жатканын баса белгиледи. Чоң системалык өзгөрүүлөр жүзөгө ашырылып жатат. Биринчи жолу Конституцияга коррупцияга каршы күрөшүү ченемдери киргизилди. Конституциянын 4-беренеси аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин коррупцияга шарт түзө турган аракеттерине тыюу салынды.
Мындан сырткары, мамлекет башчысы мыйзамдарды инвентаризациялоо жүргүзүлүп, бири-бирине карама-каршы келген мыйзамдар оңдолууда.
Президент Садыр Жапаров мамлекеттин коррупцияга каршы саясаты кыска мөөнөттөгү тактикалык маселелерди жүзөгө ашыруу системасын өзгөртүүгө багытталганына көңүл бурду. Бизнес коомчулугу, жарандык коом, илим жана билим берүү мекемелери мүмкүн болушунча тезирээк чечүүнү талап кылган артыкчылыктуу иштерди сунушташууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
16.11.2021. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ансыз деле баары бут олигарх чимкириктер, бизнестен барган
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: