УКМК Дастан Бекешевди эмнеге суракка чакырганын түшүндүрдү
Дастан Бекешевдин шайлоо штабы үгүт иштерине орто мектептердин окуучуларын пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер тарабынан каралган "Шайлоолорду же референдумдарды өткөрүүдө каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу" боюнча шайлоо мыйзамдарын бузуу фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүш иштерин териштирүү жүргүзүүдө.
Тактап айтканда, талапкер Дастан Бекешевдин шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары келишим түзбөстөн, агитаторлорго финансылык каражаттар төлөнгөндүгү аныкталган. Мындан тышкары 18 жашка чейинки курактагы өспүрүмдөр талапкер Дастан Бекешевдин үгүт иштерин жүргүзүшкөн.
"15-ноябрда талапкер Дастан Бекешев иштин жагдайлары боюнча өз ыктыяры менен көрсөтмө берүү үчүн УКМКга келген. Азыркы учурда жогоруда аталган сотко чейинки өндүрүш боюнча иштин жагдайларын аныктоо боюнча бардык зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ошол эле учурда сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын көчүрмөлөрү тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн БШКга жиберилет.
УКМК Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузуунун алдын алууга көңүл бурат. Мыйзам бузуулар тууралуу маалымат болсо, УКМКнын 0312 620585 телефонуна кайрылууңуздарды өтүнөбүз", - деп жазылат маалыматта.



