super.kg logo

7 адамдын өмүрү кыйылган кырсык. Ооруканага 15 адам жеткирилген, 2 наристенин абалы оор

 

Бүгүн, 16-ноябрда Ош облусунун Кара-Суу районунун Бишкек-Ош унаа жолунда КамАЗ менен Mercedes-Benz Sprinter жана Daewoo Nexia унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 7 адам каза болгон.

Кырсыктын кесепетинен 22 адам жабыркап, алардын ичинен жетөө каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ош облустук ооруканасына жаракат алган 15 адам жеткирилген. Азыркы учурда жандандыруу бөлүмүндө 7 адам жатат. Алардын абалы оор. Ал эми травматология бөлүмүндө 2 жабырлануучу жаткырылган, абалдары орто.

Шаардык ооруканага бир жаран жаткырылган, абалы орто. Ош облустук балдар ооруканасына 2 наристе жаткырылган. Алардын абалы оор. Дагы 3 жаранга амбулатордук жардам берилди", - деп билдирет басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: