Камактагы Жеңиш Молдокматов баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүч келтирди

Камакка алынган Жеңиш Молдокматов баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн келтирди. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун маалымат кызматынан кабарлашат.
Маалым болгондой, Молдокматов акыйкатчы институтунун кызматкерлери менен сүйлөшкөн. "Анын жүрүшүндө Молдокматов күч түзүмдөрү тарабынан анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн уюлдук телефондорун мыйзамсыз тыңшоо болуп жатканын, бул кат алышуунун, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн купуялуулугуна болгон конституциялык укугун одоно бузуу болуп саналарын билдирди. Мындан тышкары, ал жашы жете элек эки баласы (1,5 жаш жана 11 жашта) бар болгондуктан баш коргоо чарасын (эркинен ажыратуу менен байланышпаган) өзгөртүү үчүн жардам сурады. Ошондой эле ага бөгөт коюу чарасын тандоо боюнча үстүбүздөгү жылдын декабрь айынын башында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда боло турган сот отурумуна мониторинг жүргүзүп берүүнү өтүндү", - деп айтылат билдирүүдө.
Жеңиш Молдокматов Акыйкатчы аппаратына жазган жазуу жүзүндөгү кайрылуусунда 11 жаштагы кызынын телефондук байланышын тыңшоо фактысы боюнча чараларды көрүүгө жана балдарынын конституциялык укуктарын коргоп берүүгө көмөк көрсөтүүнү суранганын кошумчалашты мекемеден.
"Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесинин кызматкерлеринин камакта кармоо шарттарына жана аракеттерине эч кандай дооматы жок.
Молдокматовдун арызы акыйкатчынын көзөмөлүндө турат", - дешти маалымат кызматынан.



