super.kg logo

Гүлзат Мамытбек 2 күндөн бери ачкачылык кармоодо

 

Өзүн кыргыздын деми атаган Гүлзат Мамытбек алдамчылыкка шектелип 1 айга камакка алынган. Камакта отурган Гүлзат айым ачкачылык жарыялады. Бул туурасында Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборго байланышканыбызда белгилүү болду.

"Бүгүн, 16-ноябрда улуттук борбордун кызматкерлери Гүлзат Мамытбек жаткан абак жайына барышкан. Анда алдамчылыкка шектелген Гүлзат айым кызматкерлер менен сүйлөшүп, 14-ноябрдан бери ачкачылык жарыялаганын, бирок расмий түрдө СИЗОнун жетекчилигине билдирбегенин айтты. Ал негизсиз айып тагылганын, анын маселеси жарандык процессте каралышы керек деп эсептейт. Анын айтымында, колунда бардык ырастоочу документтер бар. Мындан тышкары Гүлзат Мамытбек Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жана Ички иштер министрлигинин мекемелериндеги камак жайларынын начардыгына, тактап айтканда өз убагында кат-кабарлар жөнөтүлбөгөнүнө, кызматкерлердин орой мамилесине нааразы болду.

Биздин кызматкерлер ачкачылык боюнча камак жайдын жетекчилигине кабар беришти", - дешет маалымат кызматынан.

Гүлзат Мамытбек 25-октябрда алдамчылык фактысына шектелип кармалган. 27-октябрда Биринчи Май райондук сотунда анын баш коргоо чарасы каралып, 1 айга камакка алуу чечими тандалган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(7)
16.11.2021. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Камакта жылуу мамиледе болушат деп ойлодуң беле
16.11.2021. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ойгон кыргыз деп дух берчуу эле ойготпойле уктатып жүргөн окшойт
16.11.2021. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Форумчу Айжандын эжеси ))))чачын жайып ачка отурат сулуу болуп
17.11.2021. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KaGaH,табалаба
17.11.2021. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nina.alex,сенин да эжең
16.11.2021. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Буга жин кирип кеткен, эмне кылсада жараша берет. Анан бизде да кылмышкер же кылмышка шектүү аял затын, укук коргоочу аял заты алып жүрө турган кылуу керек!!!
17.11.2021. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
110 мин долларга кидать этсе кандайча жарандык процессуалдык иш болуп каралсын??? 20 мин сом эмес эмес го 110 мин доллар!)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: