super.kg logo

9 ай аралыгында өлкөнүн бардык облустарында эт өндүрүү өстү

 

Республикада ушул жылдын ноябрь айына карата 299 миң тонна эт өндүрүлдү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4959 тоннага же 1,7 пайызга көп экенин Айыл чарба министрлигинин сайтына жарыяланды.

Маалыматта эт өндүрүүнүн көбөйүшүнүн эң негизги себеби малдын санынын көбөйүшү менен байланыштуу экендиги айтылат.

"Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, ушул жылдын 1-январына карата республикада ири мүйүздүү малдын саны 35 миң башка көбөйүп 1715,7 башты түздү, кой жана эчкинин саны 11,9 миң башка көбөйүп 6278,7 башты түздү, жылкынын саны 17 миң башка көбөйүп 539,6 миң башты түздү, ал эми чочконун саны 5,2 миң башка азайып 29,4 миң башты түздү жана үй канаттуулардын саны 140,7 миң башка азайып 6070,4 башты түздү.

Январь-сентябрь айларында республиканын бардык облустарында эт көбүрөөк көлөмдө өндүрүлдү", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: