Өлкөдө 17-ноябрдан тарта коронавируска каршы вакцинанын 3-дозасы менен эмдөө башталат
Республикада 16-ноябрга карата коронавируска каршы эмдөөдөн калктын 46 пайызы биринчи доза менен, 37 пайызы экинчи доза менен эмделди. Мындай маалымат Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан белгилүү болду.
"Мындан 1 апта мурун, тагыраагы 8-ноябрда Бишкек шаары "кызыл зонада", Чүй, Талас жана Ысык-Көл облусу "сары зонада", Нарын жана түштүк региону "жашыл зонада" болгон. Ал эми 15-ноябрга карата Бишкек шаары жана бардык региондор "жашыл зонага" өттү. Учурда "кызыл зонага" эч бир регион кире элек. Бул эмдөө процесси эпидемиологиялык абалга оң таасирин берип жаткандыгынан кабар берет", - деп айтылат билдирүүдө.
Белгилүү болгондой, 12-ноябрда өлкөгө Спутник Лайт вакцинасынан 200 миң доза келген. Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавируска каршы 16-18 жаштагы балдарды, кош бойлуу жана бала эмизип жаткан энелерди да эмдөөдөн өткөрүү тууралуу чечим кабыл алды. Ошондой эле 17-ноябрдан тарта жарандар кошумча катары вакцинанын 3-дозасын ала алышат.
Вакцинанын кошумча 3-дозасын кимдер ала алышат?
- Иммундук жетишсиздиги орто жана оор адамдар;
- жашы 60тан жогору адамдар;
- вирус жуктуруп алуу коркунучу жогору болгон медициналык кызматкерлер;
- буга чейин коронавируска чалдыккан адамдар.
Вакцинанын 3-дозасын алгачкы 2 дозаны алгандан 6 айдан кем эмес убакыт өткөндөн кийин алуу сунушталат. Ал эми илдеттен айыккан адамдар 1 айдан кийин алууга болот.



