super.kg logo

Өлкөдө багуучусунан айрылган балдардын пенсиясы жогорулады. Канча сомго?

 

Өлкөдө багуучусунан айрылган балдарды пенсиялык камсыздоо деңгээли жогорулатылды. Бул тууралуу Министрлер кабинети маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Аталган чечим Кыргыз Республикасынын президентинин «Жарандардын айрым категорияларына ар айлык социалдык жөлөк пулдардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

"Багуучусунан айрылгандыгы боюнча пенсия алуучу ар бир баланын пенсиясынын базалык бөлүгүнүн өлчөмү атасынан же энесинен, же экөөнөн тең айрылган учурда Министрлер кабинети тарабынан балдарга белгиленүүчү ар айлык социалдык жөлөк пулдун өлчөмүнөн төмөн болбоого тийиш деп белгиленген", - деп жазылат билдирүүдө.

Багуучусунун биринен айрылгандыгы боюнча пенсия алуучу ар бир баланын пенсиясынын базалык бөлүгүнүн өлчөмү 2021-жылдын 1-октябрынан тартып - 1 миң 500 сомго, 2022-жылдын 1-январынан тартып 2000 сомго чейин жогорулатылат.

Багуучусунан айрылгандыгы боюнча пенсия алуучу ар бир баланын пенсиясынын базалык бөлүгүнүн өлчөмү атасынан жана энесинен айрылган учурда, 2021-жылдын 1-октябрынан тартып 3000 сомго, 2022-жылдын 1-январынан тартып 6000 сомго чейин жогорулатылат.

Бүгүнкү күндө Социалдык фонддун органдарында болжол менен багуучусунан айрылгандыгы боюнча пенсия алуучу 60 миң адам турат. Анын ичинде ата-энесинин бирин жоготкондугу боюнча – 58 миң 800 адам, ал эми ата-энесинен бирдей айрылган 500 миң адам турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.11.2021. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо ар бир балага 1500болсо, анда эмнеге 2 балага 1мин эле берип жатат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: