Бишкек шаарынын мэри Минскте иш сапары менен жүрөт. Ал автомобиль заводуна барды (фото)





Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Минск шаардык аткаруу комитетинин төрагасы Владимир Кухарев менен жолугушуп, Минск автозаводуна барды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, шаар мэри жолугушууда Бишкекке газ кыймылдаткычы жана электр энергиясы менен иштеген шаардык коомдук транспортторду сатып алуу зарылчылыгы болуп жатканын айткан. Анткени шаардын экологиясын сактоо биринчи кезектеги милдет болуп саналат.
Жолугушууда жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттон тышкары Минск автомобиль заводу чыгарган муниципалдык техника да көрсөтүлгөн.
"Жумушчу жолугушуулардын жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерди чыңдоонун башка маселелери, анын ичинде кызматташтыкты активдештирүү жана түрдүү деңгээлдеги диалогду өнүктүрүү талкууланды. Мындан тышкары, Минсктин дагы бир нече машина куруу ишканаларына баруу пландаштырылып жатат", - деп билдиришти мэриядан.



