super.kg logo

Бишкекте COVID-19га каршы эмдөө жүргүзүү үчүн 79 пункт ачылды (даректери)

 

Бишкекте COVID-19га каршы эмдөө жүргүзүү үчүн убактылуу 79 пункт ачылды. Бул туурасында Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, коронавируска каршы эмдөө жүргүзүүчү жайлар Бишкектеги бейтапканаларда эле эмес, коомдук жайларда жана медициналык менчик борборлордо, билим берүү мекемелеринде ачылган.

Төмөндө вакцина алуу жайларынын даректери:

  • №19 Үй-бүлөлүк медициналык борбордон жана анын жети филиалынан;
  • студенттердин шаардык бейтапканасынан;
  • спорттук-реабилитациялык борбордон;
  • темир жол ооруканасынын бейтапканасынан;
  • президенттин иш башкармалыгынын атайын бейтапканасынан (атайын поликлиника);
  • медициналык 11 менчик борбордон — репродуктивдүү саламаттык жана кошумча репродуктивдүү технологиялар клиникасы, "Кроха", профессор Асымбекованын клиникасы, "Элкрит", "Малыш", "Поликлиника 312", "Цадмир", "Веданта", "Семья", "Эдельвейс", "Авиценна";
  • 11 жогорку жана атайын орто билим берүүчү окуу жайдан — Ж.Баласагын атындагы КУУ, Бишкек медициналык колледжи (БМК), Раззаков атындагы КТУ, Ахунбаев атындагы КММА, Ельцин атындагы КРСУ, Бишкек мамлекеттик университети, Эл аралык университет, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети, Арабаев атындагы КМУ, Скрябин атындагы КУАА;
  • дарыгерлик 20 амбулаториядан;
  • алты соода борборунан — "Азия Молл", "ТОММИ-МОЛЛ", "Технопарк", "Вефа борбор", "Бишкек Парк", ГУМ;
  • Ленин райондук калкты тейлөө борборунан (Жаш гвардия пр. 4);
  • Мурдагы "Адреналин" медборборундагы медициналык кабинеттен (Аламүдүн базарынын аймагы) эмделсе болот.

Ал эми төмөнкү даректерден 4 вакцинаны алсаңыз болот.

  • "Спутник Лайт" бириктирилген №2,7,8,9,15 үй-бүлөлүк медициналык борборлордон, "Бишкек Парк" соода борборунан. Бул бир компоненттүү вакцина;
  • SinoPfarm көрсөтүлгөн бардык эмдөөчү пункттарда бар;
  • AstraZeneca препаратын бардык үй-бүлөлүк медициналык борборлордон, студенттердин шаардык бейтапканасынан, спорттук-реабилитациялык борбордон, соода борборлордон, темир жол бейтапканасынан, "Кроха" медборборунан сайып берет;
  • Pfizer вакцинасын шаардын бардык үй-бүлөлүк медициналык борборлордон, студенттердин шаардык бейтапканасынан, темир жол ооруканасынын бейтапканасынан, атайын поликлиникадан, соода борборлорунан, медициналык менчик борборлордон, Ленин райондук калкты тейлөө жайынан алса болот.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: