super.kg logo

Нурлан Умтулов жана Бекболот Алиев Салык кызматынын төрагасынын орун басарлары болуп дайындалышты

 
Бекболот Алиев
Нурлан Умтулов

Нурлан Умтулов жана Бекболот Алиев Салык кызматынын төрагасынын орун басарлары болуп дайындалышты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин башчысынын башка буйруктарына ылайык Салык кызматынын төрагасынын орун басары кызматынан Айдай Карагулова жана Искендер Асылкулов "башка ишке которулгандыгына байланыштуу" бошотулду.

Нурлан Умтулов дайындалганга чейин аталган кызматтын борбордук аппаратынын методология башкармалыгын жетектеген. Финансы жана салык системасында 20 жылдан ашуун эмгектенген. Кызматтык карьеранын бардык тепкичтерин - катардагы адистен тартып башкы адис, Финансы министрлигинин бөлүм башчысы, Салык кызматынын борбордук аппаратынын башкармалыгынын башчысына чейин басып өткөн.

Бекболот Алиев экономика жана финансы министринин орун басары болуп иштеген. Финансы системасында 20 жылдан ашык эмгектенип келген. Мамлекеттик салык инспекциясынын инспектору, адис, башкы адис, бөлүм башчы, Финансы министрлигинин бөлүм башчысы жана өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары болуп эмгектенген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: