Орундар жетишсиз болгон Оштогу балдар ооруканасында 267 бала пневмония менен жабыркап жатат












Буга чейин орундар жетишсиз болуп, бейтаптар полдо жаткан Ош облустук балдар ооруканасына президенттин аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов барды. Ал балдар арасында пневмония оорусу көбөйүп жатканына байланыштуу барганын өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Ош облусунун башчысы пневмония оорусуна чалдыккан балдарды дарылоого түзүлгөн шарт менен таанышып, ооруп жаткан балдардын ата-энелери менен сүйлөштү.
"Зиядин Жамалдинов аталган илдетке кабылып, ооруканага кайрылган бейтаптар үчүн шарт түзүү боюнча оорукана жетекчилигине тапшырма берди. Ошондой эле бейтаптарды акысыз дарылоо керек экенин айтты.
Ош облустар балдар клиникалык ооруканасы 540 керебетке ылайыкташкан. Учурда ооруканада 614 бейтап дарыланууда, анын ичинен пневмония оорусу менен 267 бейтап дарыланууда. Акыркы учурда балдар арасында курч дем алуу оорусу менен жабыркаган балдардын саны кескин көбөйгөндүктөн кошумча 74 керебет уюштурулду", - дешти мекемеден.
Белгилей кетсек, Ош шаарынын мэринин мурдагы басма сөз катчысы Азамат Абсатаров облустук балдар ооруканасында орундар жетишсиз болуп, эне, балдардын полдо жатканын, дарыгерлер баарын карап жетишип жатканын белгилеген.
Көп өтпөй эле Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасы менен шаардык балдар ооруканасынан 60 орун бөлүнгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:04
2025-07-23

21:37
2025-07-23

20:12
2025-07-23

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Katrina.

18.11.2021. 10:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балдарды жакшы карагыла ата энелер, Кыргызстанда эле эмес Россияда да аябай коп балдар пневмания, бронхит менен ооруп жатышат.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.