super.kg logo

"Имарат 7 жыл мурда жараксыз деп табылган". Тогуз-Тородо толук күйүп кеткен мектептин корпусу боюнча министрлик билдирүү жасады

 

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Каргалык айылында жайгашкан мектепте 17-ноябрга караган түнү саат 00:00 чамасында өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрттүн кесепетинен имараттын 480 чарчы метр чатыры толук күйгөнүн кабарлаган.

Билим берүү жана илим министрлигинен күйүп кеткен мектептин имараты мындан 7 жыл мурда комиссия тарабынан жараксыз деп табылганын билдиришти.

"Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматы боюнча, М.Абдыжапаров атындагы орто мектептин кошумча корпусунун чатырынан өрт чыгып, анын кесепетинен имарат толук күйдү.

Аталган мектеп 1972-жылы фин тибинде салынган. 2014-жылы Тогуз-Торо райондук өзгөчө кырдаалдар комиссиясы мектептин имаратынын техникалык абалын изилдеп чыгып, пайдаланууга жараксыз деген тыянак чыгарган.

2016-жылы жалпы сметалык баасы 43 миллион сомду түзгөн 225 орундуу жаңы мектептин курулушу башталган. Буга чейин имараттын дубалдары тургузулуп, биринчи кабатынын терезелери коюлуп, ички шыбагы бүткөрүлгөн. Азыркы учурда мектептин чатыры жабылып жатат. Жалпысынан курулуш иштери 65 пайызга бүткөрүлгөн.

Жаңы мектептин курулушу аяктай электигине байланыштуу буга чейин окуу процесси эски мектептин эки корпусунда 1 нөөмөттө жүргүзүлүп келген. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу мындан ары окутуу эски корпустардын биринде эки нөөмөттө улантылат. Башкача айтканда, окуу процесси үзгүлтүккө учурабайт.

Бүгүнкү күндө бул мектепте 239 окуучу билим алып, 23 мугалим эмгектенип жатат", - дешти маалымат кызматынан.

Ушул тапта өрттүн чыгуу себептери иликтенүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: