super.kg logo

Абанын булганышына каршы күрөшүү комиссиянын жетекчиси Айбек Жунушалиев болду

 

Министрлер кабинети тарабынан абанын булганышына каршы күрөшүү боюнча өзгөчө комиссия түзүлдү. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин токтому менен Бишкек шаарындагы абанын булганышы көйгөйүн иликтөө, жарандардын ден соолугун сактоо жана аларды чечүү чараларын иштеп чыгуу боюнча токтоосуз чараларды ыкчам кабыл алуу үчүн ведомстволор аралык өзгөчө комиссия түзүлдү.

Аталган чечим жарандардын ден соолугун коргоо жана Бишкек шаарынын абасынын булгануу деңгээлин төмөндөтүү боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуу, абанын булганышынын себептерин жана булактарын аныктоо максатында кабыл алынды.

Ведомстволор аралык өзгөчө комиссиянын жетекчиси катары Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бекитилди.

Белгилей кетсек, 15-ноябрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин жыйынынын жүрүшүндө борбордогу ыш жөнүндө маселе көтөрүп, муниципалитет менен биргеликте экологиялык маселелерди чечүү ишин күчтөндүрүүнү тапшырган.

Ведомстволор аралык өзгөчө комиссиянын курамына мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.11.2021. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толк болбойт гарантия
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: