super.kg logo

Бишкекте 13 жаштагы Адинай Жаныбекова изделүүдө. Агасы карындашы 3 күндөн бери дайынсыз экенин айтат

 


Бишкекте 13 жаштагы Адинай Жаныбекова дайынсыз болуп изделүүдө. Свердлов РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, өспүрүм кыз 14-ноябрдан бери дайынсыз.

"Милиция кызматкерлерине 14-ноябрда шаар тургуну арыз менен кайрылган. Арыз ээси 2008-жылы туулган Адинай Жаныбекова аттуу карындашы ошол эле күнү саат 14:30 чамасында Сүйүнбаев-Осмонкулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайрылып келбегенин айткан", - деп айтылат билдирүүдө.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иштери башталды.

Изделип жаткан кыздын белгилери: Бою 155-160 сантиметр, орто салмакта, чачы кара. Ошол күнү кара күрмө, жынсы шым жана ак түстөгү спорттук бут кийим кийип жүргөн.

Адинай Жаныбекованы көргөн, билгендер болсо кабар берип коюуну милиция кызматкерлери суранышат. Байланыш номерлери: 0 555 15-03-41 же 102.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: