Ошто “Укук тартип”, “Арсенал” жана “Камкордук” аталышындагы түшүндүрүү иш-чаралар башталды

Ош облусунун аймагында “Укук тартип”, “Арсенал” жана “Камкордук” аталышындагы түшүндүрүү иш-чаралар башталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
17-ноябрь күнү Ош облусунун Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн жана Чоң-Алай райондордун аймагында “Укук тартип”, “Арсенал” жана “Камкордук” профилактикалык рейддер милициянын көчмө кабылдама унаасы менен биргеликте өткөрүлдү.
Андан сырткары Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдө коомдук тартипти камсыздоо, укук бузууларды болтурбоо жана өздүк курам менен биргеликте тейлеген аймагында жайгашкан каттоодо куралы бар жарандардын жана юридикалык жактардын курал-жарактарын сактоо эрежелерин жана жоопкерчилигин күчөтүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле “Камкордук” иш-чаранын жүрүшүндө аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк жана керектелүүчү буюмдар менен жардам көрсөтүлгөн.



