Бишкек шаарында 7 отун базасы иштеп жатат. Даректери
Бишкек шаарында бүгүнкү күндө 7 отун базасы жана калкка көмүр сатуучу 20 стационардык пункт бар. Бул туурасында шаардык мэриядан маалымдашат.
Казакстан көмүрүнүн бир тоннасы 4500 сом, жергиликтүү "Кара-Кече" көмүрүнүн тоннасы 3000 сомдон 5700 сомго чейин болууда.
Министрлер кабинетинин буйругуна ылайык, 16-ноябрдан тарта Бишкек шаарында жергиликтүү көмүрдүн баасын жөнгө салуу максатында "Кыргыз көмүр" ишканасы "Кара-Кече" көмүрүнүн 1 тоннасын 3000 сомдон сатуу үчүн база ачкан. Аталган база Мурманская, 1б дарегинде жайгашкан.
17-ноябрда Коргоо министрлигинде дагы бир база ачылды. Ал Мурманская, 306б дарегинде жайгашкан. Бул базада да көмүрдүн тоннасы 3000 сомдон сатылууда.
Ленин районундагы отун базаларынын дареги:
"Ак-Жол" ЖЧКсы, Мурманская 1а, ("Шыбыркүл" көмүрү 1 тоннасы 4500 сом);
"Торг-Синтез" ЖЧКсы, Мурманская 59а, ( "Кара-Жыра" көмүрү 1 тонна үчүн 4500 сом);
"Береке" ЖЧКсы, Мурманская 259, ("Кара-Кече" көмүрү 4500-5700 сом);
"Беш-Сары" ЖЧКсы Мурманская 1б, (Кара-Кече" көмүрү тоннасы үчүн 3000 сом);
Коргоо министрлигиндеги отун базасы Мурманская 306б, ("Кара-Кече" көмүрү 3000 сом);
Октябрь районундагы отун базасы:
"Торг-Синтез" ЖЧКсы, Төкөлдөш жаңы конушу, Аламүдүн станциясы ("Кара-Кече" көмүрү тоннасы үчүн 4500 сом). Бул базага 18-ноябрда 350 тонна көмүрдүн келүүсү күтүлүүдө.
Свердлов районундагы отун базасы:
"Гафест", Достоевский 1, ("Шабыркүл" көмүрү тоннасына 4500 сом).



