Акылбек Жапаров Армениядагы өкмөттөр аралык жыйынга катышат
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2 күндүк иш сапары менен Арменияга барат. Ал 18-19-ноябрда Ереван шаарында өтүүчү Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышат дешти министрлер кабинетинен.
"Кеңешменин жүрүшүндө өкмөт башчылары ЕАЭБ ички рыногундагы алып салууларды жана чектөөлөрдү четтетүү, 2021–2022-жылдарга агроөнөржай комплексин өнүктүрүүнүн биргелешкен болжолдору, союздук өлкөлөрдүн айыл чарба продукциясы, булгаары, жүн сырьесу, зыгыр буласы жана пахта буласы боюнча талап-сунуштардын балансын, 2021–2024-жылдарга ЕАЭБ мамлекеттеринин металлургиялык ишканаларын сырьелук камсыздоо боюнча иш-чаралар планын, Союздук мамлекеттердин климаттык күн тартиби алкагындагы багыттарын жакындаштыруу боюнча иштин жүрүшүн талкуулайт.
Жыйындын алкагында ЕАЭБде жүктөрдү көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууну, биологиялык коопсуздук стратегиясынын долбоорун, электрондук соода маселелерин, анын ичинде өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча жол картасын бекитүү каралууда. Ошондой эле 2024-жылга чейин өндүрүшү камсыз кылынууга тийиш болгон медициналык багыттагы стратегиялык маанилүү дары-дармек жана фармацевтикалык субстанциялар менен интеграциялык бирикменин өлкөлөрүн камсыз кылуу деңгээлин жогорулатуу боюнча иш-чаралардын планы каралмакчы", - дешти басма сөз кызматынан.
Мындан тышкары ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөт башчылары насыялык тарыхка киргизилген маалыматтарды алмашуу тартиби жөнүндө келишимге кол коюуну пландаштырууда.



