super.kg logo

Орусиянын БШКсы: "Орусияда шайлоо участкаларында добуш берүүнү уюштурууга максималдуу жардам көрсөтүлөт"

 

Орусиянын шаарларындагы шайлоо участкаларында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону уюштурууга көмөк көрсөтүү максатында Борбордук шайлоо комиссиясы менен Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын ортосунда жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйынга БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, Орусиянын БШК төрагасынын орун басары Николай Булаев, Орусиянын Ички иштер жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү жана башкалар катышты.

Жыйында добуш берүүчү жайларды, жабдууларды жана добуш берүүчү кабиналарды камсыздоо, электр энергиясы жана интернет менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, шайлоо өтө турган күнү укук тартибин жана өрт коопсуздугун камсыздоо маселелери талкууланды. Орусиянын айрым субъектилеринде карантиндик чектөөлөр киргизилген учурда шайлоо комиссияларына жардам көрсөтүү маселелери талкууланды.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Николай Булаев парламенттик шайлоону уюштурууда жана өткөрүүдө кыргыз тарапка максималдуу жардам көрсөтүүнү тапшырды.

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн шарттарды кеңейтүү максатында, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата чет өлкөдөгү шайлоо участкаларынын саны 59га чейин көбөйтүлдү. Алардын 21и Орусиянын шаарларында жайгашкан.

Орусиянын аймагында Москва шаарында алты, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Владивосток, Красноярск, Иркутск, Якутск, Южно-Сахалинск, Сургут, Тюмень, Краснодар, Самара, Казань, Томск жана Хабаровск шаарларында бирден шайлоо участоктору орун алган.

Ошону менен бирге Казань, Краснодар, Самара, Томск жана Хабаровск шаарларында шайлоо участоктору биринчи жолу түзүлдү.

Учурда шайлоочулардын тизмесинде 83 миң 464 чет өлкөдө жашаган же жүргөн шайлоочулар катталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
18.11.2021. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нижний Новгород жок экенда шайлоого барып Ата-журт Кыргызстанга добуш бермекмин эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: