super.kg logo

"Баткен облусунун статусу жөнүндө" мыйзамдын аткарылышы боюнча жыйын өттү

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев 2021-2035-жылдарга Баткен облусун өнүктүрүү программасын жана "Баткен облусунун статусу жөнүндө" мыйзамдын аткарылышы боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин Баткен облусун 2021-2035-жылдарга өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарынын жетекчилиги астында ыкчам штабы, ошондой эле президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жетекчилиги астында Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңеш түзүлгөн.

Арзыбек Кожошев белгилегендей, Баткен облусун өнүктүрүү программасын ишке ашыруу министрлер кабинетинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

"Белгилүү болгондой, Баткен облусуна өзгөчө статус берилип, өзгөчө салыктык жана инвестициялык режим, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулардын өзгөчө режими жана калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн жеңилдетилген режими аныкталган. Жыл сайын Баткен облусун өнүктүрүү программасында социалдык-экономикалык мүнөздөгү түрдүү долбоорлорду ишке ашырууга 500 миллион сомдон кем эмес каражат каралат. Учурда облустун үч районуна долбоорду ишке ашырууга 10 миллион сом бөлүнүп, долбоордук-сметалык документтер даярдалды. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин иши негиздүү саналган 5 принципке таянат: улуттун биримдиги, аймактык кол тийбестик, үй-бүлөлүк баалуулуктар, салыктарды төлөөдөн качуу мамлекеттик чыккынчылыкка барабар, тышкы жана ички инвесторлорду колдоого алуу жана коргоо", - деди Арзыбек Кожошев.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев аткарылып жаткан иштерге токтолду.

Жыйындын жүрүшүндө ирригациялык долбоорлорду, унаа жолдорду куруу, этностук кыргыздарды документтештирүү, чек арага жакын аймактардагы жер тилкелерин трансформациялоо, ошондой эле облустун тургундарына келтирилген зыяндын ордун толтуруу маселелери талкууланды.

Жыйындын жыйынтыгында мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: