super.kg logo

Кыргыз киносунун 80 жылдыгы белгиленди. Ага Эдил Байсалов, Азамат Жаманкулов катышты

 

Кыргыз киносунун 80 жылдыгы жана СССРдин эл артисти Болотбек Шамшиевдин 80 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Салтанаттуу иш-чара министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, ата мекендик кино ишмерлер жана кеңири коомчулуктун катышуусунда өттү.
Майрамдык салтанатка келген меймандар үчүн Болотбек Шамшиевдин жаркын элесине жана кыргыз кино ишмерлерине арналган сүрөт көргөзмө иш-чаранын көркүн ачты.
Андан соң иш-чаранын расмий бөлүгүн Азамат Жаманкулов ачып, жалпы кино ишмерлерин кесиптик майрамы жана Болотбек Шамшиевдин 80 жылдыгы менен куттуктап, кыргыз кереметин жаратып, дүйнөнү дүңгүрөткөн чыккан чыгаан кино ишмерлери жана алардын жараткан эмгектери тууралуу сөз сүйлөдү. Министр бүгүнкү күндө, кинематография жана жалпы киноиндустрия Кыргыз мамлекетинде динамикалык өнүгүү жолунда келе жатканын айтып, улуттук тасмалар дүйнөлүк абройлуу фестивалдарда байгелүү кайтып жатканына токтолуп, кино өнөрү улуттук маданияттын эң маанилүү багыты катары мындан ары да өнүгө беришине ишенебиз жана кыргыз киночуларынан мыкты чыгармалардын жаралышын күтөбүз деп белгиледи.
Ал эми Эдил Байсалов президенттин кино ишмерлерине жана залкар кинорежиссёр Болотбек Шамшивдин 80 жылдыгына карата куттуктоосун окуп, бүгүнкү күндөгү кыргыз киносунун ордун, анын коомчулуктагы маанилүүлүгүн белгилеген кайрылуусун жолдоду.
Иш-чаранын жүрүшү даректүү тасмалардын топтомунан турган бөлүктөр менен коштолуп, концерттик программа менен уланды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
18.11.2021. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушул Эдил деген супердин жанылыгынан тушпой калыптыр, Самара, Анжелика,Лазат дегендерди жазбай калды жакшы десе.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: