super.kg logo

"Жогорку Сот жана жергиликтүү соттор жөнүндө" конституциялык мыйзамына кол коюлду

 

Президент Садыр Жапаров "Жогорку Сот жана жергиликтүү соттор жөнүндө" конституциялык мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 30-сентябрда кабыл алынган. Кабыл алынган мыйзам тарабынан Жогорку Соттун жана жергиликтүү соттордун ишин уюштуруу тартиби, сот адилеттигин жүзөгө ашыруу принциптери, соттордун жана судьялардын ыйгарым укуктары, соттордун аппараттарынын жана алардын кызматкерлеринин ишин уюштуруу, Жогорку Соттун жана жергиликтүү соттордун ишин камсыз кылуу жана каржылоо тартиби аныкталат.

Бул мыйзамда Жогорку Соттун карамагындагы маселелер боюнча мыйзам чыгаруу демилгелөө, ошондой эле Конституциянын 85-беренесинин 5 пунктунда аныкталган өз карамагында маселелер боюнча мыйзамдарды жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу укугу каралат.

Кабыл алынган мыйзамда, Жогорку Соттун судьялары Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде жарымынын макулдугу менен курагынын чегине жеткенге чейин шайланары, Жогорку Соттун төрагасы Соттор кеңешинин сунушу боюнча жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде жарымынын макулдугу менен Жогорку Кеңештин судьяларынын ичинен 5 жылдык мөөнөткө президент тарабынан дайындалат, Жогорку Соттун төрагасынын орун басарлары Жогорку Соттун төрагасынын сунуштамасы боюнча президент тарабынан 5 жылдык мөөнөткө дайындалат.

Ошондой эле кабыл алынган мыйзамга ылайык жергиликтүү соттордун судьялары сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин сунуштамасы боюнча президент тарабынан биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө, андан кийинкисинде курагынын чегине жеткенге чейин дайындалат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: