Өлкө боюнча коронавирус илдетинен көз жумгандар боюнча статистикалык маалымат чыкты
Быйылкы жылдын январь-сентябрь айларында өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча пневмония оорусуна чалдыккан 25 миң учур катталган, 2020-жылдын тийиштүү мезгилинде 29 миң учур болгон же 15 пайызга аз. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Маалымат боюнча, 2021-жылдын 9 айында пневмониядан 442 адам каза болгон, тескерисинче 2020-жылы 112 адам же 2,5 эсе аз. Жалпысынан республика боюнча калктын 100 миңине пневмониядан 9 өлүм туура келсе, өткөн жылдын ушул мезгилинде 23 адам каза болду.
"2021-жылдын январь-сентябрында коронавирус инфекциясы менен оорулары боюнча медицина-санитардык мекемелерге кайрылган 36 миңге жакын адам катталган. Кайрылгандардын жалпы санынан эң чоң үлүшү Бишкек шаарына - 44 пайызы, Чүй облусуна - 21 пайызы, Ысык-Көл облусуна - 9 пайызы жана Жалал-Абад облусуна - 8 пайызы туура келди. 2021-жылдын 9 айында ооруканаларга 47 миңге жакын бейтап келип түшкөн, алардын эң чоң үлүшү Чүй облусуна – 22 пайыз, Ысык-Көл облусуна – 10 пайыз жана Бишкек шаарына – 9 пайыз туура келди. Жалпысынан республика боюнча коронавирус инфекциясынан 2021-жылдын 9 айында 2 214 адам каза болсо, өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде 1476 адам каза болгон же 1,5 эсе аз. Коронавирус инфекциясынан калктын 100 миңине 44 каза болгон адам туура келди", - деп айтылат маалыматта.



