super.kg logo

"Ата-энеси мектепке жеткирген, бирок ал сабакка кирген эмес". Жайылда 15 жаштагы Зумрад Алиева дайынсыз болуп изделүүдө

 

Жайыл районунда 2006-жылы туулган Зумрад Алиева дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Жайыл РИИБинен билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, Зумрад Алиеваны 17-ноябрда саат 07:35 чамасында ата-энеси мектепке жеткирген, бирок кыз сабакка кирген эмес, үйүнө да кайтып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою болжол менен 165-170 сантиметр, көздөрү күрөң, чачы кара, кыска. Орто дене түзүлүштө, мурдунун оң жагында пирсинг бар, оң кулагында үч пирсинги бар, оң колунун сөөмөйүндө тырыгы бар.

Кийген кийимдери: капюшону бар ак толстовка, кара шым, тизеден ылдый узун, кочкул көк түстөгү күрмө, кара түстөгү баш кийим, кара бут кийим, кара түстөгү сумка.

Милиция изделип жаткан өспүрүм тууралуу маалымат билгендер болсо, төмөнкү номерлерге кайрылып коюуну өтүнөт: 0(312) 22-15-58, 0(701) 02-23-59.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: