Сокулукта 15 жаштагы эки курбу 4 күндөн бери дайынсыз болуп изделүүдө
Сокулукта 15 жаштагы курбу кыздар Айсезим Замирбек кызы жана Зыйнат Иманказы кызы 4 күндөн бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти.
Милициянын маалыматына ылайык, алар 14-ноябрда Военно-Антоновкадагы үйлөрүнөн саат 13:00 чамасында чыгып кеткен бойдон кайтып келишкен эмес.
Өзгөчө белгилери:
Зыйнат Иманказы кызы
Бою 155 сантиметр, көзү кара, чачы кара, узун, арык чырай, бети сүйрү, кара тору. Оң колунда шрамы бар.
Кийген кийимдери: жашыл түстөгү кышкы күрмө, ак түстөгү жынсы шым, кара кроссовка.
Айсезим Замирбек кызы
Бою 150 сантиметр, көзү кара, чачы кара, узун. Орто дене түзүлүштө, бети сүйрү, ак жумал. Мурдунун оң тарабында кичинекей калы бар.
Кийген кийимдери: мезгилге ылайык кийинген.
Милиция изделип жаткан өспүрүм тууралуу маалымат билгендер болсо, төмөнкү номурларга кайрылып коюуну өтүнөт: 0(312) 60-75-67, 0(700) 63-63-00, 0(701) 80-18-03.





1 |