Камчыбек Ташиев бокс боюнча Кыргызстандын чемпиондугуна күбө болууда



Коомдук ишмер Камчыбек Ташиев белгилүү мушкер Алмазбек Раимкулов менен ал жай сурашып отурат.
Бүгүн, 13-ноябрда старт алган бокс боюнча өлкө чемпиондугун көрүүгө келгендердин арасында ЖКнын мурунку депутаты Камчыбек Ташиев да болду. Рингдин капталынан орун алып, рингде өтүп жаткан беттештерге четтен көз салып отурган Камчыбек мырза ошол эле учурда белгилүү кыргыз мушкерлери Орзубек Назаров жана Алмазбек Раимкулов менен баарлашып жатты.
Эске салсак, бокс боюнча өлкө чемпиондугуна 17 жаштан 34 жашка чейинки мушкерлер катышууда. Мелдеш АИБАнын (Эл аралык бокс федерациясы) эрежеси боюнча 7 салмак категориясында (49 килограмм, 52, 56, 60, 64, 69, 75, 81, 91 жана 91 килограммдан жогорку салмак категориясында) өтүүдө. Ал эми кыз-келиндер арасында 51, 60 жана 75 килограмм салмактарында чемпиондор аныкталат. Андан тышкары “Мыкты мушкер”, “Мыкты машыктыруучу”, “Мыкты калыс” жана “Жеңишке карай эрки күчтүү мушкер” наамдарынын ээлери белгилүү болот. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
2

Билдирүүңүз өчүрүлдү.