super.kg logo

КМШнын коопсуздук кеңешинин катчылары жолугушту. Анда миграция маселеси талкууланды

 

Москва шаарында көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин катышуучу мамлекеттеринин коопсуздук кеңешинин катчыларынын тогузунчу жолугушуусу болуп өттү. Ага Кыргыз өлкөсүнүн Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык коопсуздук жаатындагы бир катар маселелер, анын ичинде Ооганстан аймагынан келип жаткан жана биотехнологиянын, анын ичинде синтетикалык биологиянын өнүгүүүсүнө байланыштуу жаралган коркунучтар талкууланды.

Ошондой эле жолугушуу катышуучулары КМШ катышуучу мамлекеттеринин миграция чөйрөсүндөгү кызматташтык маселесин талкуулашты.

"Күн тартибине ылайык КМШ мамлекеттеринин (Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргыз өлкөсү, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан) коопсуздук кеңешинин катчылары улуттук жана регионалдык коопсуздуктун актуалдуу көйгөйлөрү боюнча өз көз караштарын билдиришти.

Жолугушуу аянтчасында Марат Иманкулов менен Орусия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин катчысы ортосунда 2022-2023-жылдарга кызматташуу планына кол коюшту", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: