Статком: "Өлкөдө кумшекердин баасы жогорулады"
Кыргыз өлкөсүндө кумшекерге болгон орточо баа 68,95 сомго жетти. Бул туурасында өлкөнүн Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы билдиришти.
Маалыматка ылайык, статистикалык комитет республиканын 18 калктуу конушунда күнүмдүк жашоодогу маанилүү азыктардын орточо керектөө бааларына мониторинг жүргүзгөн.
Анын жыйынтыгына ылайык, 16-ноябрга карата өлкө боюнча кумшекердин орточо наркы 68 сом 95 тыйынды түзүп, өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу 15 сомго же дээрлик 27 пайызга жогорулаган.
Кумшекерге болгон эң жогорку баа Оштун Кара-Суу районунда катталган. Бир килограмм кант азыгы 76 сом 48 тыйын болгон. Ал эми эң арзан кумшекер Жалал-Абаддын Кербен районунда бир килограммы (65 сом), Каракол (65 сом 15 тыйын) жана Токмок шаарында (65 сом 39 тыйын) сатылган.
Ноябрда өткөн айга салыштырмалуу республика боюнча кумшекердин чекене баасы 1, 2 сомго же 1,8 пайызга жогорулады.





1 |