super.kg logo

5 жылдан бери жабык турган Улуттук тарых музейи кайрадан расмий түрдө ачылат

 
20-ноябрда Бишкек шаарындагы Улуттук тарых музейинин расмий ачылышы болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 20-ноябрында Улуттук тарых музейинин расмий ачылышы болот. Биринчи он күндүктө, тактап айтканда, 20-ноябрдан 30-ноябрга чейин саат 10:00дөн 18:00гө чейин бардык жарандар музейге акысыз кире алышат.
"Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жарандарга бет кап кийүүсү жана санитардык нормаларды сактоо талап кылынат. Ошондой эле музейге кирүү алдында жарандар музейге кирүү тартиби жана экскурсия талаптары менен тааныша алышат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Маалымат үчүн:

Кыргыз улуттук академиялык драма театрын оңдоп-түзөө иштерине аталган театрдын имаратын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 44 миллион 722 миң сом бөлүнгөн.

Тарых музейи 2016-жылы жабылып, реконструкциялоо башталган. 2018-жылы оңдоп-түзөө иштери соңуна чыгып, 31-август - Эгемендүүлүк күнүнө карата ачылышы керек эле. Бирок жасалуучу жумуштар соңуна чыкпагандыгына байланыштуу музейдин ачылышы белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

Музейин оңдоодо 118 миллион сомдон ашык акча мыйзамсыз коротулганын Башкы прокуратурадан тастыкташкан.

Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Улуттук тарых музейинин капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жыйынтыктоо маселеси боюнча кеңешме өткөргөн.

Мындан сырткары депутаттар Тарых музейинин абалы менен таанышып, көчмө жыйын өткөрүшкөн. Анда эл өкүлдөрү реконструкциялоо иштери 5 жылдан бери бүтпөгөн тарыхый мекемени ушул жылдын 31-августунда, тактап айтканда Кыргыз мамлекетинин эгемендик күнүнө карата ишке киргизүүнү белгилешкен.

Белгилей кетсек, 18-май - музейлердин эл аралык күнү. Дүйнө коомчулугу музейлердин эл аралык күнү катары белгилейт. Музейлердин эл аралык күнү ЮНЕСКО уюмунун 1978-жылкы чечимине ылайык белгиленип келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: