ЖАМКнын төрагасы Аскат Эгембердиев Орусиянын Жазаларды аткаруу кызматынын директору Александр Калашников менен жолукту




Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев Орусиянын Жазаларды аткаруу кызматынын директору Александр Калашников менен жолукту. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соттолгондорду социалдык адаптациялоо, түзөтүү мекемелеринде зордук-зомбулук, экстремизм жана радикалдашуунун алдын алуу, ошондой эле кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу тармагында ведомстволор ортосунда тажрыйба алмашуу жаатында кызматташуунун келечегин талкуулашты.
Жолугушуунун соңунда эки өлкөнүн жаза өтөө мекемелеринин ортосундагы 2022-2023-жылдарга кызматташуунун иш программасына кол коюлду.
Иш сапардын алкагында жаза аткаруу тутумунун делегациясы Рязань шаарында өтө турган эл аралык пенитенциардык форумга катышып, Волгоград облусундагы бир катар түзөтүү мекемелеринде болуп, Орусиянын пенитенциардык тутумунун практикалык ишмердүүлүгү менен таанышат.



