super.kg logo

Статком: "Өлкөдө микро насыя алгандардын саны былтыркыга караганда аз болду"

 

Өлкөдө январь-сентябрда микро насыяларды берүүчү уюмдар тарабынан 27 миллиард 400 миллион сом суммасында насыя берилди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин сайтында көрсөтүлөт.

Маалыматка караганда, насыя алгандардын саны 490 миң адамдан көп.

Микро насыя алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 10 пайызга кыскарды. Ал эми берилген микро насыялардын көлөмү тескерисинче 17 пайызга өстү.

Эң көп микро насыялардын суммасы:

  • Ош облусунун - берилген микро насыялардын жалпы көлөмүнүн 22,4 пайыз;
  • Бишкек шаары - 17,8 пайыз;
  • Чүй - 14,2 пайыз;
  • Жалал-Абад облусуна - 14 пайыз берилди.

2021-жылдын 9 айында берилген микро насыялардын жалпы көлөмүнүн 36 пайыздан ашыгы керектөөчүлүк муктаждыктарга, 30 пайызга жакыны айыл чарба ишмердиктерин өнүктүрүүгө, 10 пайыздан ашыгы соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө жана 9 пайызга жакыны курулушка багытталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: