Ош шаарында шайлоого байланыштуу координациялык кеңешме өттү




Ош шаарында шайлоого даярдык координациялык кеңешмеде каралды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 18-сентябрда Ош шаарынын мэриясында шайлоого байланыштуу координациялык кеңешме өттү. Ага биринчи вице-мэр Марс Исаев, жергиликтүү бийликтин, укук коргоо органдарынын, аймактык шайлоо комиссиясынын жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү катышты.
"Кеңешмеде шайлоого байланыштуу коомдук саясий кырдаалды көзөмөлдөө, шайлоо участкаларындагы даярдык, үгүт учурундагы мыйзам бузуулардын алдын алуу тууралуу сөз жүрдү.
Ош шаарында жалпы 78 шайлоо участкасы бар. Ал эми шайлоочулардын саны 154 миңди түзөт. Бүгүнкү күндө мэрия тарабынан шайлоо өткөрүү үчүн участкаларда керектүү шарттар түзүлгөн. Алдыда добуш берүүчү тилкелерди дезинфекциялоо иштери жасалат", - деп айтылат маалыматта.



