Акылбек Жапаров Ереванга барды




Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ереван шаарына Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн жумушчу сапар менен барды. Аны Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян, тышкы иштер министринин орун басары Армен Гевондян жана Армениядагы Кыргыз Республикасынын консулу Бабкен Седракян тосуп алышканын министрлер кабинетинин маалымат кызматынан белгилешти.
Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 18-19-ноябрында Ереван шаарында Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин, ошондой эле ЕАЭБге караштуу байкоочу өлкөлөр – Өзбекстандын, Кубанын өкмөт башчыларынын, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасынын катышуусунда өтөт.
Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны тар жана кеңири форматта өтөт. Ошондой эле Акылбек Жапаровдун Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян, Беларусь өлкөсүнүн премьер-министри Роман Головченко жана Орусиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен бир катар эки тараптуу жолугушуулары өтөрү пландаштырылууда.



