super.kg logo

Орусияда 15 жыл мурда каза болгон адамдын өлүмүнө Кыргыз өлкөсүнүн жараны шектелүүдө

 

Орусиянын Мурманск шаарында адам өлтүрүүгө шектелип Кыргыз өлкөсүнүн жараны изделүүдө. Бул туурасында орусиялык ачык булактарда жазылат. Андагы маалыматка ылайык, киши өлтүрүү фактысы 2006-жылы катталган.

"Тергөөнүн версиясы боюнча көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринде эркек кишинин жансыз денеси табылып, ал киши колдуу каза болгон. Бул факты боюнча кылмыш иши ачылганы менен кылмыштын бети ачылбай келет. Бүгүнкү күндө Мурманск облустук тергөө кызматына билдирүү түшүп, анда кылмышка 45 жаштагы Муззофар Пазылов аттуу Кыргыз өлкөсүнүн жараны шектелип жатканы кабарланды.

Аты аталган жарандын жүргөн жери азырынча аныктала элек. Мындан улам полиция кызматкерлери шектүү делинген жаран туурасында маалымат билгендерден жардам сурайт", - деп жазылат басылмаларда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.11.2021. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жеендеркен, кирип кете берсин, бирөөсү болсо да азаят!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: