super.kg logo

"Электр жылыткычтарды колдонууга тыюу салынды" деген билдирүүнү "Улуттук энергетикалык холдинг" четке какты

 
"Улуттук энергетикалык холдинг" электр жылыткычтарды колдонууга тыюу салынды деп тарап жаткан билдирүү чындыкка дал келбей турганын маалымдайт. Аталган мекеменин маалымат кызматынан электр жарыгын ашыкча колдонгон абоненттердин гана электр жылыткычына пломба басылганын билдиришти.
"Абоненттердин көрсөтүлгөн чектеги электр жарыгын туура пайдалануусу боюнча инвентаризация жүргүзүлдү. Көрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы менен электр энергиясын керектөөнүн белгиленген режимин бузган абоненттердин жылытуу казандары пломбаланды.
Ошол эле учурда Кадамжай районунун аймагындагы жылытуу приборлорун пломбалоо социалдык тармактарда көрсөтүлгөндөй, тиричилик абоненти тарабынан эмес, коммерциялык керектөөчү тарабынан жасалгандыгын маалымдайбыз", - дешти маалымат кызматынан.
Буга чейин Кадамжай райондук РЭСи үйлөрдү кыдырып, ашыкча электр жылыткыч, мештерди колдонууга тыюу салынганын жергиликтүү тургун айтып чыккан.
Белгилей кетсек, буга чейин Ош, Баткен облустары жана Ош шаары боюнча электр энергиясын жана кубаттуулукту керектөөнүн лимиттери бекитилген.
16-ноябрга карата бекитилген лимиттердин ашыкча электр пайдалануусу 31 миллион 500 миң кВт саат же 21,6 пайызга ашыкча. Ал эми Кадамжай РЭСи боюнча 3 миллион 300 миң кВт саат же 24,4 пайыз ашыкча болуп жатат.
"Ош электр" ААКсы жылытуу жана сууну ысытуу үчүн отундун башка альтернативдик түрлөрүн (газ, көмүр жана башка) колдонууну эскертет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
19.11.2021. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Отун көмүрдүн баасы асмандын башы болуп турганда, ушулар эле жетишпей жатышты эле. Бакиевтен айырмасы калбадыго Жапаровтунда!
19.11.2021. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эмне деген актануу бул,чындыка дал келбейт деп кайра ашыкча колдонгондордукун пломбаладык дейт,бетинер барбы чындыкты суйлосонор.
19.11.2021. 07:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Колдорунан пок келбей эми элди кыйнаганы отушуту бул кемчонтой бийлик.
19.11.2021. 08:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин кандиционеримди пломбалап кетиптир
19.11.2021. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул бийлик бул кетиште жакында кочукко тебилет.........
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: