super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Ноокаттагы айылга коюлган арка кулап калды. Эч кандай коопсуздук эрежелери сакталган эмес" дейт тургун

 

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн тургуну кайрылды. Анда ал айылда курулган арка шамалда кулап калганын айтып, коопсуздук эрежелери сакталбаганына нааразы болду.

"Ноокат районунда Көк-Жар айыл өкмөтүнүн Сарыканды аркасы шамалга кулап калган. Маселе кулап калганы эмес. Маселе коопсуздукта. Эч кандай коопсуздук сакталган эмес. Кулаган учурда унаа же адамдын үстүнөн басып калса жоопкерчиликти ким алмак?

Орноткон учурда жөн эле тургузуп гана пена куюп коюшкан. Тактап айтканда, килейген темирди клей менен эле орнотуп койгон", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(2)
19.11.2021. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин чоңдор көңүл буруп иш кылышпайт.Жаш бала бир деме кууруп жасап ойногондой эле иштешет
19.11.2021. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Alishdaman,Айылдарга кире бериштеги аркалар чоңдордун иши эмес,көп жерлерде бүтүрүүчүлөр бирин бири көрүп жасап койушкан.
Чоңдордун күнөөсү,коопсуздук эрежелерин сакталгандыгын көзөмөлдөп койбогондугунда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: