super.kg logo

Мектепке кеткен боюнча дайынсыз. Сузакта 9 жаштагы Сумая Хосилжанова изделүүдө

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Сузак айылынын тургуну 2012-жылы туулган Хосилжанова Сумая Уткирбековна дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 18-ноябрь күнү саат 12:40 чамасында мектепке кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Учурда 9 жаштагы Сумаянын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Өзгөчө белгилери: Бою 120-130 сантиметр, өңү кара тору, чачы кара кыска, кашы, көзү кара, арык дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: башында ак түстөгү жоолук, үстүндө ак көйнөк, боз түстөгү жемпер, көк түстөгү куртка, кызгыл түстөгү бут кийим болгон.

Кандайдыр бир маалымат болсо милиция кызматкерлери кабарлап коюуну өтүнөт. Байланыш телефону: 102, 03722 7-39-90, 0553 78-00-78, 0771 93-60-70.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
19.11.2021. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аллахым жардам бер,аман эсен табылып калсын.
19.11.2021. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чье то көбөйүп кетти акыркы күндөрү жоголгон жаш балдар!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: