super.kg logo

Анталияда Кыргыз-Түрк саламаттыкты сактоо тармагындагы маселелер талкууланды

 

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркиянын саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Коджо менен жолугушту. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки тарап саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтык тууралуу талкуулады.

"Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз-Түрк достук ооруканасын Бишкек шаарындагы медициналык тез жардам көрсөтүүчү жана жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркаган бейтаптарды тез жардам унаасы аркылуу кабыл алган саламаттыкты сактоо уюмдарынын катарына кошумча түрдө киргизүү маселеси талкууланып, чечим кабыл алынды.

Бул калкка медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртат, зарыл болгон учурда мындай бейтаптар дароо ангиографиялык текшерүүдөн өтүп, стент коюудан өтүшөт", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары жыл сайын Түркиядан ординатурага 20 адамды окутуу боюнча маселени чечүүнү тездетүү жана өлкөдөгү орто мектепти аяктаган окуучуларды Түркиянын медициналык Жогорку окуу жайларында окутуу мүмкүнчүлүгүн алуу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Алымкадыр Бейшеналиев Түркиядан коронавирус илдетине жардам катары берилген 150 миң доза Sinovac вакцинасын бергени үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилей өтсөк, жолугушуу HIMSS EURASIA 2021 эл аралык конференциясынын алкагында өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: