super.kg logo

Түштүктө 3 миңден ашуун качкындарды кабыл алуу боюнча машыгуу өтөт

 
19-20-ноябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын аймагында Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун атайын машыгуулары өткөрүлөт.
Атайын машыгуу Кыргыз Республикасынын аймагында качкындарды кабыл алуу, жайгаштыруу жана ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү даярдоо боюнча чараларды ишке ашырууга байланышкан маселелерди ырааттуу окутуу менен эки этапта өткөрүлөт.
Бул машыгуунун максаты - Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун аймактык тутумдарынын качкындарды кабыл алуу боюнча күчтөрдү жана каражаттарды көзөмөлдөө органдарынын аракеттеринин даярдыгын текшерүү болуп саналат.
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жаңы-Жер айылында, Баткен облусунун Лейлек районундагы Маргун айылында жана Ош облусунун Алай районундагы Бор-Дөбө айылында үч чатыр шаарчасы жайгаштырылып, ага 3000ден ашуун качкындарды кабыл алуу боюнча практикалык иш-чаралар өткөрүлөт.
Практикалык иш-чаралардын жүрүшүндө келген качкындарды тосуп алуу жана коштоо, ошондой эле аларды каттоо, фильтрациялоо пунктунан өткөрүү иштери жүргүзүлөт.
Машыгууга президенттин Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, министрликтердин, ведомстволордун жетекчилери жана КР Жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрү катышат.
Качкындарды кабыл алуу боюнча бардык практикалык аракеттер жана элементтер Бишкек шаарында ӨКМнын имаратында жайгашкан Республикалык штабдын жетекчилигине онлайн түрүндө көрсөтүлөт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
19.11.2021. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Качкындарды коюп элдин койгойюн чечип берсин.
19.11.2021. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Озунун эли талаада тентип,кымбатчылык болуп жатса кылган ишин кара бул макоолордун!
19.11.2021. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эх супер супер туштук тундук дебей эле Ош Жалал абад Баткен деп тема койснор болбойбу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: