Эмнеге министрлер кабинетинде Баткен облусунан бир дагы мүчө жок? Президенттин жообу

Жооп: "Эмне Баткенден министр болсо эле Баткенди гүлдөтүп жибереби? Гүлдөтсө, 30 жылдан бери 30 министр, 30 депутатыңар болду. Эмнеге гүлдөтүп жиберишкен жок? Тескерисинче сазга батырып, сатып кетишиптир го. Азыр эми ошол сатылган жерлерибизди кайра кайтарабыз деп, ошолордун азабын тартып жатабыз".
Суроо: Анда эмнеге саткындарды жоопко тартпай жатасыңар? Эл ушуну сурап жатат?
Жооп: "Ар бир иштин өзүнүн бүтчү убагы болот. Азыр шайлоо процесси жүрүп жатат. Мындай учурда суракка ала албайсың. Шайлоодон кийин суракка алып, дыкат териштирип, күнөөлүүлөрдү, мейли ким болбосун жоопко тартабыз. Саткындар, чыккынчылар үчүн мөөнөт чектелбеш керек.
Силер Баткендиктер, министрибиз жок, депутатыбыз жок деп кейибегиле. Мен силердин министриңермин, мен силердин депутатыңармын жана мен силердин президентиңермин. Жүрөгүмдүн 99 пайызын Баткен ээлеп турат. Кыргыз өлкөсү Баткенден башталат. Чек араң бекем болбосо, өлкөңдө коопсуздук болбойт. Биринчи кезекте коопсуздук маселесине, андан кийин элдин жашоосуна, анан экономикасына көңүл буруп жатабыз. Бийликке келген биринчи күндөн баштап Баткенге 9 мектеп, 3 бала бакча, 3 оорукананын курулуштары башталды. 9 мектептин ичинен 2 мектеп толугу менен бүтүп пайдаланууга берилди".
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:04
2025-07-23

21:37
2025-07-23

20:12
2025-07-23

Рейтинг:
4

Комментарийлер(6)
Dembele84

19.11.2021. 14:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Алдамай башталды
joke81kg

19.11.2021. 15:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыргызстанды сазга батыргандар мурдагы бийлик садыр менен камчы кыргызстанды ондойт деген умуттобуз кыргызстан Баткенден башталат
Senator

19.11.2021. 17:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сазга баткан Кыргызстанга бир эки жылда ондоп ириш ото кыйын аракет кылып атат,эл дагын жардам беришибиз керек, чекеде туруп сындаш оной баарына
Ali-5

19.11.2021. 18:54
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Атамбаев да Баткендикмин деп алдап жүргөн. С.Жээнбковтун маалында А.Мадумаров жана У.Кочкоров минстр болгон. Баткенден татыктуулар көп сөссүз министр кызматы берилиш керек.
CAPATAH

19.11.2021. 20:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Акрам Мадумаров менен Жениш Раззаковду кауу текшеруу керек. Шадиевине куч жетпейт эми.
Lev79

20.11.2021. 12:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыйратып атасын.Кекетип сүйлөгөнүн.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.