super.kg logo

Камчыбек Ташиев Өзгөнгө барды

 
Бүгүн, 19-ноябрда УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкармалыгынын Өзгөн райондук бөлүмчөсүнө жаңы имарат курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Курулган имаратта кызматкерлер үчүн зарыл болгон бардык заманбап техникалык жабдыктар толук камсыздалган. Иштөө шарттары да талапка жооп берет.
Жаңы имараттын ачылышына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыктарынын башчылары өздүк курамы менен, ардагерлер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Аземде Ташиев сөз сүйлөп, зарыл болгон учурларга токтолду. Анын ичинде өлкөдө жүрүп жаткан Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өнөктүгү, андагы мыйзамдуулуктун сакталышы, бардык тараптарга бирдей мыйзамдуу шарттардын түзүлүшү жана мамлекеттик кызматкерлердин шайлоонун үгүт иштерине аралашпоосу зарылдыгы баса белгиленди.
Алдыда дагы атайын кызматтын аймактардагы бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базаларын жаңылоо, чыңдоо иштери улантылары белгиленди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
19.11.2021. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оорукана, мектеп, бала бакча курууга, ацлык-маяналарды, пособиелерди которууго бюджетте акча жок, Ташиевке акча бар. Муну кандай тушунсо болот? Оорулуулар коридордо, керебет жетпей жерде жаткандарын Ташиев озу да корсо керек интернеттен. УКМКсын кое туруп бул акчаны оорукана, бала-бакча ж.б курууга берсе болбос беле?

Ташиевде опко гана болбосо, мээ деген жок экен да... Даже дураку ясно.
19.11.2021. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Antiradikal10,++++++++++
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: