super.kg logo

Беш жылдан бери жабык турган Улуттук тарых музейинин ачылышынан фоторепортаж

 

Бүгүн, 19-ноябрда беш жылдан бери оңдоп-түзөө үчүн жабык турган Бишкектеги Улуттук тарых музейинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Музейдин ачылышынан видеорепортаж жана фоторепортаж тартуулайбыз.

Маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун катышуусунда салтанаттуу ачылышы театралдаштырылган концерттик программа менен коштолду.

Белгилей кетсек, биринчи он күндүктө, тактап айтканда, 20-ноябрдан 30-ноябрга чейин саат 10:00дөн 18:00гө чейин бардык жарандар музейге акысыз кире алышат.

Маалымат үчүн:

Кыргыз улуттук академиялык драма театрын оңдоп-түзөө иштерине аталган театрдын имаратын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 44 миллион 722 миң сом бөлүнгөн.

Тарых музейи 2016-жылы жабылып, реконструкциялоо башталган. 2018-жылы оңдоп-түзөө иштери соңуна чыгып, 31-август - Эгемендүүлүк күнүнө карата ачылышы керек эле. Бирок жасалуучу жумуштар соңуна чыкпагандыгына байланыштуу музейдин ачылышы белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

Музейин оңдоодо 118 миллион сомдон ашык акча мыйзамсыз коротулганын Башкы прокуратурадан тастыкташкан.

Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Улуттук тарых музейинин капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жыйынтыктоо маселеси боюнча кеңешме өткөргөн.

Мындан сырткары депутаттар Тарых музейинин абалы менен таанышып, көчмө жыйын өткөрүшкөн. Анда эл өкүлдөрү реконструкциялоо иштери 5 жылдан бери бүтпөгөн тарыхый мекемени ушул жылдын 31-августунда, тактап айтканда Кыргыз мамлекетинин эгемендик күнүнө карата ишке киргизүүнү белгилешкен.

Белгилей кетсек, 18-май - музейлердин эл аралык күнү. Дүйнө коомчулугу музейлердин эл аралык күнү катары белгилейт. Музейлердин эл аралык күнү ЮНЕСКО уюмунун 1978-жылкы чечимине ылайык белгиленип келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
19.11.2021. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
15 миң $ ак жыгачтан жасалган ат көрүнбөйтго
Alixan-Nookat.2015 түзөттү 2021-11-19 16:44:26
19.11.2021. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alixan-Nookat.2015,
12.25 теги Кабарда берилген по суроттор.
Мен да сразу карагам)))
Темасы эле Интрига)))
19.11.2021. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жыгач аты карайып кетиптирго 5 жылда))
20.11.2021. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zam81,
Ушул бугунку эле саат 12саат 25минуттагы Кабарды окунуз и Аттар Кызылга айланбай эле го.
19.11.2021. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайылган жыгачтар эмнени тушундурот экен?! Коррупцияны эстетип туруу учун коюлдубу? Аны коюдагы максат эмне?!
19.11.2021. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ремонт деп онбогон акчаларды жеди чондор. Ремонтко шылтап граниттерди Атамбаев Кой-Таштагы хан сарайына ташытып кетти. Артынан ото баалуу коп экспонаттар уурдалып, атайы орттоп, ортко шылтап кутулушту. Ал аздай, Сапар Исаков реконструкция деп, кеминде 1,5-2 млрд сомдук зыян келтирди. Айтор, Тарых музейи акча уурдоо учун бийликтегилерге алтернативдик булак, жолдор, копуролор, аэропорттор, ГЭСтер, ТЭЦтерден эле акча уурдай беришпей, музей ж.б. да акча уурдап жатышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: