Чүйдө мас абалдагы жаран көп кабаттуу имараттан боюн таштоого аракет кылды







Токмок шаарында аты-жөнү белгисиз жаран өз өмүрүн кыюуга аракет кылды. Ал мас абалда болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, бүгүн, 19-ноябрда саат 15:07де куткаруучуларга Токмок шаарында жайгашкан толук курулуп бүтө элек 9 кабаттуу имараттан эркек киши секирип, өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
"Жерине 5 куткаруучу барып, ИИМ кызматкерлери менен биргеликте сүйлөшүү жүргүзүштү. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында саат 15:30 чамасында боюн таштайм деген жаран имараттан түшүрүлүп, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жаран мас абалында экендиги аныкталды, аты-жөнү такталууда", - дешти маалымат кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:04
2025-07-23

21:37
2025-07-23

20:12
2025-07-23

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Datka7777

19.11.2021. 18:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Канат Маматовдо бет деле жок экен! Кун тийген жердин кукугу
Rusi79

19.11.2021. 21:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бийик этаждан боюн таштаган уже модага айлана баштаган го.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.