super.kg logo

Рыскелди Момбеков: "Мени шайлоодон четтеткенге мыйзам жол бербейт"

 

Бүгүн, 19-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Рыскелди Момбековдун дипломду мыйзамсыз алганы боюнча маалымат каралды. Анда Момбеков мындай маселе жаралып каларын билбегенин, билсе көйгөйдү чечип коюуга мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи. Тагыраагы, ал жоголгон дипломун кайра калыбына келтирип коймок.

"Диплому жасалма деген тергөөнүн бүтүмү. Бирок мыйзам мени шайлоодон четтеткенге жол бербейт. 57-беренеде ар бир адамдын күнөөсү тергөөдө же сотто далилденмейинче кылмыш же жорук жасаган деп эсептелбейт. Бул Конституцияда каралган. Мен УКМКнын маалыматынан мени күнөөлүү деп далилдеген өкүмүн көргөн жокмун. Менде азыркы учурда абсолюттук кол тийбестик макамы бар.

Диплом боюнча иш 2020-жылы ачылган, анда эмне үчүн мени былтыр талапкер кылып каттады? 1 жыл 8 ай бою бул ишти эмнеге кармап отурду? Мен октябрда талапкерлигимди каттоодон өткөрдүм. Жоголгон дипломдун көчүрмөсүн, жоголгондугу боюнча материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынганы боюнча көчүрмөнү, министрликтин мага жазган катын бердим, карап чыксаңыздар болот. Менин дипломумду текшергенге БШКнын ыйгарым укугу жок да. Муну УКМК сотко алып барыш керек болчу, сот далилдей турган иш да. Эгерде мен ушундай иш кылган болсом, "Ала-Тоо" аянтынан элден кечирим сураганга даярмын", - деди Момбеков.

БШКнын төрайымы Шайлдабекова: "Мурда депутаттарга жогорку билимге ээ болуш керек деген талап жок болчу. Бул талап мыйзамга киргизилип, 27-августтан тарта күчүнө кирди. Ошондуктан депутат катары сиз мурда суралган жоксуз, эми суралып жатасыз", - деди.

Буга чейин Рыскелди Момбеков жогорку билими боюнча дипломду мыйзамсыз алганын УКМКнын Тергөө башкы башкармалыгынан маалымдаган. "Социал-демократтар" партиясынан Рыскелди Момбековдун жасалма диплому бар деген УКМКнын билдирүүсүнө комментарий берип, дипломдун күтүүсүздөн текшерилиши оппозициядагы депутатка басым жасоо аракети менен түшүндүрүшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.11.2021. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушундай законду депутат билбесе,и тем более сагызгандай сайраган Момбеков билбесе өлгөн экен анда. Мындай законду иштеп чыккандарда, көз алдымдан бир окуп өткөрүп анан кол койуп кабыл алгандарда өзүлөрү.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: