super.kg logo

Жаш окумуштуулар Элбашынын Түрк дүйнөсү интеграциясын чыңдоодогу ордун талкуулашты

 

19-ноябрда Нур-Султан шаарында "Элбашы - түрк дүйнөсү интеграциясынын архитектору" аттуу түрк тилдүү мамлекеттердин жаш окумуштууларынын илимий-практикалык онлайн конференциясы өттү. Бул тууралуу Эл аралык Түрк академиянын Кыргыз мамлекетиндеги өкүлү Нурдин Усеев SUPER.KG порталына кабарлады.

"Эл аралык Түрк академиясы менен Казакстан Республикасынын Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлиги өткөргөн бул жыйынга Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали, маалымат жана коомдук өнүгүү министринин орун басары Аскар Омаров, Эл аралык Ахмет Йессеви университетинин президенти Жанар Темирбекова, Нурсултан Назарбаев фондунун аткаруучу директорунун орун басары Алкей Маргуланулы, Бозок Университетинин профессору, Башкаруу жана экономика илимдери факультетинин деканы Күршад Зорлу, Казакстан, Азербайжан, Түркия, Татарстан, Башкортостан , Кыргыз мамлекети, Өзбекстан, Монголия мамлекеттеринин таанымал жаш окумуштуулары катышты. Конференция "Илим жана билим берүү", "Экономика жана транзит", "Түркология" деген темаларда секциялык ишин улантты" - деди Нурдин Усеев.

Эскерте кетсек, Эл аралык Түрк академиясы - Кыргыз өлкөсү, Казакстан, Түркия жана Азербайжан мамлекеттеринин расмий орток илимий, маданий академиясы. Аталган мамлекеттердин илимине, түрк дүйнөсүнүн биримдигине, өнүгүп-өсүшүнө кызмат кылган эл аралык уюм.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
20.11.2021. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
СССР кулады, мурункудай куугунтук жок, оз тарыхынды, санжыранды, ата-бабадан калган салттарды изилдоого, жарылоого.

Бирок ушунча тарыхчыларыбыздан бироо да чыгынып Кыргыз элинин тарыхын изилдеп, Алтай, Саян, Монголия, Чыгыш Тянь-Шань ж.б. жерлерде археологияоык казууларды жургузуп, байыркы кытай, перс, араб жазма булактарын изилдеп тарыхка салым кошконго жараган жок.

Конференцияга кимдер катышканын тизмектеп, башка окумуштуулардын эмгектерин кочургондон башкага жарашпа
20.11.2021. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыз элинин тарыхын буга чейин орус, немец окумуштуулары изилдеген. Бартольд, Радлов, Валиханов, Гумилев, Юдин, Абранзон, Бернштам ж.б.

Кыргыз тарыхын изилдеген учурдагы корунуктуу тарыхчылар хакас илимпоздору Бутанаев, Худяков...

Ал эми озубуздун тарыхчы атанган окумуштуулар,академиктер, профессорлор 99% самопал. Оздорунун изилдоолору жок. Башкалардын эмгектерин кочуруп жазгандан башкага жарабагандар.....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: