super.kg logo

Президент Садыр Жапаров прокуратура органдарынын ишинде өзгөчөлөнгөн кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-ноябрда Прокуратура кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанаттуу иш-чарада прокуратура органдарынын ишинде өзгөчөлөнгөн кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоого кошкон салымы, Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарында көп жылдык жана кынтыксыз кызматы үчүн президенттин жарлыгы менен "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи" ардак наамы төмөнкүлөргө ыйгарылды:

  • Башкы прокуратуранын мыйзамдарды экспертизалоо жана ишти уюштуруу башкармалыгынын улук прокурору Урак Абдылдаевге;
  • Прокуратура органдарынын ардагери Талантбек Акышовго;
  • Башкы прокуратуранын өздүк коопсуздук жана кызматтык териштирүүлөр бөлүмүнүн начальниги Таалайбек Касымбековго.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдарды аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын укук коргоо органдары жана контролдоо органдары чөйрөсүндө мыйзамдарды аткарууну көзөмөлдөө жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча бөлүмүнүн начальниги Арстанбек Чороев Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды.

Мындан сырткары, прокуратура органдарында ишинде өзгөчөлөнгөн бир катар кызматкерлер Кыргыз Республикасынын президентинин энчилүү сааты менен сыйланышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
20.11.2021. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошол сыйлыктарды карапайым элеге,кыйналып жашаган үйбүлөргө жардам катары берсе жакшы болмок.
20.11.2021. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура эмес кылып койду. Прократураны жоюуш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: